Манас Арабаев Атамбаевдин аялына каршы көрсөтмө берди

Манас Арабаев Атамбаевдин аялына каршы көрсөтмө берди

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Экс-канайымга каршы көрсөтмө кечээ, 2-июлда Коомдук телерадио компаниясынын “Ала-Тоо 24” каналы аркылуу жарыяланган “Көлөкө” аталышындагы журналисттик иликтөөдө айтылды.

Иликтөөдө Арабаев Раиса Атамбаева андан БЛС курулуш компаниянын ишин кароодо сотторго көрсөтмө берүүнү суранганын айткан.

 «2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда Раиса Атамбаева бир нече жолу жолугушууну суранып, талап кылды. Бул жолугушуулар болду. Ага башка адамдар да катышты. Анын ичинде жолугушуулардын биринде анын уулу Раис да болгон. Бул жолугушууларда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн, экинчи инстанцияда», — деген Арабаев.

Ошондой эле Раиса Атамбаева мыйзамсыз чечим чыгарган сотторду туздөн-түз калкалаган.

«Экс-президенттин жубайы Раиса Минахмедовна судья Жаркееваны кызматтан албоону жана ага тийишпөөнү суранган. Мындай тапшырма УКМКнын Алмаз Мааткасымов аттуу кызматкер аркылуу берилген», — деген ал.

«Сотторго кысым көрсөтөт» деген дооматтар айтылып келген Манас Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген.   Ал 2-июнь күнү  «Коррупция» беренеси негизинде кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>