Manas Tower мейманканасын ким курары белгилүү болду

Manas Tower мейманканасын ким курары белгилүү болду

Бишкекте 45 кабаттуу Manas Tower мейманкана комплексин француз инвесторлору курат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, башкы инвестор — Микаэль Азолай. Бирок ал тууралуу ачык булактарда маалымат жокко эсе.

Белгилей кетсек, мейманкананын курулушун Президенттин иш башкармалыгы чет элдик инвесторлор менен биргеликте жүргүзөрү кабарланган. Бирок инвестор жөнүндө ачык маалымат берилген эмес.

Manas Tower — Кыргызстандагы эң бийик имарат болот. Ал  беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан автотоктотмону камтыйт.

45 кабаттуу имараттын бийиктиги 200 метрден ашып, анын үстүндө тик учак конгонго аянтча болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>