Милиция: Ошто эки адам дээрлик 2 кг баңгизат менен кармалды

Милиция: Ошто эки адам дээрлик 2 кг баңгизат менен кармалды

Ош облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери (ЖКККБ) эки жаранды дээрлик 2 кг баңгизат менен кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-августта ЖКККБ кызматкерлери Toyota Crown унаасын текшерүү үчүн токтоткон. Бирок унаадагылар токтобостон, качууга аракет кылышкан. Качып бара жатканда унаадагы жүргүнчү эки баштыкты талааны көздөй ыргытып жиберген. Жыйынтыгында алар кармалган. Кармалгандар 42 жаштагы Б.К. жана 45 жаштагы М.С. аттуу жарандар болгон.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жүргүнчү унаадан ыргытып жиберген баштыктардагы зат «кара куурай чайыры» болуп чыккан. Анын салмагы 1 кг 992,4 граммды түзгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

31-август күнү алардын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>