Маркумга туулган, катталган районуна карабай көрүстөндөн жер бөлүп берүү сунушталды

Маркумга туулган, катталган районуна карабай көрүстөндөн жер бөлүп берүү сунушталды

Өлкө жаранын акыркы сапарга узатууда кайсы аймактан болбосун жер бөлүнүп берилиши керек. Мындай сунушту депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында көтөрдү.

Ал ички миграциянын айынан көпчүлүк жарандар Бишкек шаары жана Чүй облусунда отурукташып, кичи мекенинен алыстап калганын белгиледи.

Депутат маркумга жашап өткөн  районунан жер бөлбөй, сөөктү  аймактарга жөнөтүүнү сынга алды.

“40-50 жыл ушул жерде жашап, 70-80ге чыгып, көзү өткөндөн кийин 2 метр жер таппай калып жатат. Тирүүсүндө басып жүргөн жерди кызганып, сөөктү айылга сүдүрөткөнүбүз уят. Мындай фактылар толтура. Андыктан мыйзам долбооруна жазып коелу. Кыргыз жаранын көмүү үчүн өлкөнүн кайсы аймагындагы көрүстөндөн болбосун  жер бөлүнүп берилиши керек. Анүстүнө бала-чакасы Бишкекте жашаса, Алайкуунун башына, же Алайга алып барып көмүү дагы кыйын болуп жатат”, — деди ал.

Анын кесиптеши Камила Талиева дагы маркумга туулган жери, каттоодон турган аймагына карабай, жакынкы көрүстөндөн жер бөлүнүп бериши керектигин айтты.

Парламентте Чүйдөгү көрүстөндөрдө жер тартыштыгы айтылды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>