Камчы Көлбаевдин өлүмү. УКМКнын төрагасы Ташиев үн катты

Камчы Көлбаевдин өлүмү. УКМКнын төрагасы Ташиев үн катты

Бүгүн, 5-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев капиталдык оңдоодон өткөн УКМКнын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын ачылышында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармоо учурунда жок кылынышы боюнча үн катты.

Аталган имарттын ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери катышкан. Иш-чарада Ташиев сөз сүйлөп, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүрүп жатканын айткан.

«Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, атайын кызматтын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрүнө жетиштүү шарт түзүү аракети уланаарын белгиледи. Ошондой эле, коррупцияга каршы күрөшүү жана уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылуу иштерин күчөтүүнү эскертти.

Аны менен катар УКМК төрагаcы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топтон ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу боюнча мыйзамдын негизинде тийиштүү чаралар улантылып жатканын белгиледи. Буга 4-октябрда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримтөбөл Камчыбек Асанбектин жок кылынганын мисал келтирди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Ташиев сөзүн жыйынтыктап жатып мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырманы жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын айткан.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>