Март айында күйүүчү май 3 пайызга кымбаттады

Март айында күйүүчү май  3 пайызга кымбаттады

Март айында бензин менен дизелдик отундун орточо баасы 3%га кымбаттады. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Алсак, АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы февраль айында 65,5 сомду түзсө, 27-мартка карата анын баасы 67 сомго жетип, кийин 66,7 сомго чейин төмөндөгөн. Ошентип, баанын өсүшү 1,8%ды түздү.

АИ-92 61,13 сомдон 63,41 сомго чейин 3,7%га кымбаттады. Дизель майы 3,83%га, 61,08 сомдон 63,42 сомго кымбаттады.

Эң кымбат бензин Исфана, Баткен жана Кара-Сууда.

Эң арзан күйүүчү майды Токмоктон алса болот. Ал жерде АИ-92нин литри 60,94, дизель майы 61,91 сомдон сатылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>