Тибеттеги сел кырсыгына байланыштууу Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айттыКемин шаарында Жибек-Жолу көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды«Кулун-Ата» коругунда илбирс менен күрөң аюу фотокапкандарга түшүп калдыКРдин эл артисти, балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирди
Жогорку Кеңеш Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды
30.03.2022 | 11:23
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевди Жогорку Кеңеш жактырды.
82 депутат каттоодон өтүп, 68 депутаттын добушу менен колдоо тапты.
Буга чейин Төрөбаевди президент Садыр Жапаров Министрлеп кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Жогорку Кеңештин комитети да жактырып, бүгүн жалпы жыйында да колдоо тапты.
Ал эми өз кезегинде Бакыт Төрөбаев депутаттарга ыраазылыгын билдирип, толук кандуу 5 жыл боюу депутат болуп иштейин дедим эле президент тарабынан сунуш түшкөндөн кийин экономиканын өсүшүнө салым кошоюн деп макулдугумду бергенин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат