Эрназар Акматалиев Астанадагы дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу менен
Кыргызстандыктар 1-сентябрга чейин мүлк салыгын төлөшү керек — МСК
21.07.2026 | 09:28

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы жарандарга турак жай, батир жана жер тилкелеринин айрым категориялары үчүн салыкты 2026-жылдын 1-сентябрына чейин төлөө зарылдыгын эскертти.
Ведомстводон такташкандай, бул милдеттенме ишкердик максатта колдонулбаган турак жайларга жана батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жана бакча-бостон жер тилкелерине тиешелүү.
Ошондой эле МСК салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салыкты кантип төлөө керектигин айтып берди. Бул үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
- салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү;
- башкы беттеги «Салык милдеттенмелери» бөлүмүнөн салык чегерилген мүлк объектисин тандоо;
- төлөнүүчү сумма менен таанышуу;
- «Төлөө» баскычын басуу;
- андан кийин система төлөм үчүн автоматтык түрдө QR-кодду же акча которуу үчүн банктык реквизиттерди (эсептешүү эсебин) түзүп берет;
- каалаган ыңгайлуу ыкма менен — QR-коддун же банктык реквизиттердин жардамы аркылуу төлөмдү жүргүзүү.
Салык кызматы чегерилген салык тууралуу маалымат салык төлөөчүнүн кабинетинде үстүбүздөгү салык мезгили үчүн автоматтык түрдө чагылдырыларын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом