Мас абалда унаа айдаганы үчүн иштен кеткен сот айдоочулук күбөлүктөн ажыратыла элек (видео)

Мас абалда унаа айдаганы үчүн иштен кеткен сот айдоочулук күбөлүктөн ажыратыла элек (видео)

Быйыл март айында Каракол шаарында мас болуп унаа айдаганы үчүн кармалып, бул окуядан кийин иштен кеткен Ысык-Көл облусунун административдик сотунун мурдагы судьясы Жеңишбек Барынбаев айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган эмес. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл 23-мартта активист Эртай Искаков Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалганы тууралуу айтып чыккан. Ал билдиргендей, 8-мартта Барынбаев МАИ кызматкерлери тарабынан кармалган. Наркологиядагы текшерүү анын ичимдик ичкенин тастыктаган. Кийин бул окуя боюнча материалдар Каракол шаардык сотуна жөнөтүлгөн. 8-мартта күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча, Барынбаев 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн  ажыртылыш керек болчу. Бирок шаардык сотто судья Азамат Абдираев ишти карап, каталар бар деген “жүйөө” менен материалдарды артка кайтарган.

Активист айтып чыккандан кийин журналисттер бул окуя тууралуу жазып чыгышкан. Натыйжада окуяга Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков реакция кылып, аталган маселе боюнча кеңешме өткөргөн. Анын жыйынтыгында Жеңишбек Барынбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Ал эми Барынбаев боюнча материалдарды карап, айдоочулук күбөлүктөн ажыратпаган сот Азамат Абдираевге тартиптик жаза берилери кабарланган.

Эми арадан 8 ай өткөнүнө карабай мурдагы сот Жеңишбек Барынбаев айдоочулук күбөлүктөн ажыратыла элек.

Жеңишбек Барынбаев айдоочулук күбөлүктөн ажыратыла электигин Reporter.kg’ге Ысык-Көлдүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан да ырасташты. Алардын айтымында, аталган окуя боюнча материалдар Жогорку соттун Тартиптик комиссиясына жөнөтүлгөн. Учурда облустук жол милициясынын колунда сөз болгон материалдары жок.

«Жеңишбек Барынбаев кызматтан алыныптыр, бирок айдоочулук күбөлүктөн ажыратылбаптыр», — деп билдиришти облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.

Аталган жагдайдан улам “Кыргызстанда мыйзам жөнөкөй жарандар үчүн иштеп, мурда-кийин чоң кызматты ээлегендерге иштебейби?!” деген суроо жаралат.

Видео: Ысык-Көлдө мас абалда унаа башкарган сот иштен кетти

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>