Адвокат 4 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды19-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +43°С чейин көтөрүлөтКөчөдө эркек кишини сабаган деп шектелген жаран Бишкекте кармалды«Жаштык Аренада» КРСУнун тарыхындагы эң масштабдуу бүтүрүү кечеси өтөтБУУнун башкы катчысы: жасалма интеллект теңсиздикти эмес, адамдарды колдоого тийишAir China Пекин — Бишкек — Пекин багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачат
Мас абалында жол кырсыгына кабылган судья инспекторго каршы сотко кайрылды
20.01.2020 | 18:07
Мас абалында унаа айдап баратып жол кырсыгына кабылган судья Элмира Сулайманова өзүнө карата тузүлгөн протоколду жокко чыгарууну суранып Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу шаардык соттон билдиришти.
Белгилей кестек, 30-декабрь күнү жол коопсуздук кызматынын тескөөчүлөрү «Нексия» машинесин сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен «Тойота» автоунаасынын айдоочусун артынан кууп барып кармап, ага 3 берене боюнча пратокол толутурушкан.
Кийин айдоочу Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова экени аныкталат.
Окуянын видеосун жергиликтүү телеканалдын журналисттери тартып алышкан. Видедодо судья экенин айткан айдоочунун жанында эч кандай документтери жок болуп чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар