Масалиев Жунушалиевге: Кытайларга рахмат айтып коюңуз

Масалиев Жунушалиевге: Кытайларга рахмат айтып коюңуз

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламентте комитет жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге жолдорду бекер салып берип жаткан Кытай бийлигине рахмат айтып кой деген сунушту берди.

Исхак Масалиев:

Мына сиздер берген маалыматтын негизинде, Кытай тарабынан грант катары берилген 1 млрд. юандан ашык каражатка Бишкек шаарынын көчөлөрү оңдолуп жатат туурабы? Жок деген расмий түрдө Кытайга ыраазычылык билдирип койбойсуздарбы? Бир дагы мэрден Кытайга ыраазычылык билдиргенин укканым жок. Сомго которгондо 12 млрд. сомго чукул. Жолубузду оңдоп атат, бекер акча берип жатат. Жок дегенде анча-мынча дипломатиялык жол менен “рахмат” деп койсоңор ашыктык болбойт.

Айбек Жунушалиев:

Биз рахматыбызды билдирип жатабыз.

Исхак Масалиев:

-Жок, расмий түрдө. Анткени, элдин арасында башка пикир болуп жатат да. “Кытайлар каптап кетти, кытайлар тажатып жиберди, кыздарыбызды алып жатат” деген өңдүү. Жок дегенде галстук тагынгандар айтып “андан тышкары жардам алып атабыз” десеңер ашыктык болбойт да.

Биз айтып турабыз.

Исхак Масалиев:

Жок, мен уккан жокмун. Муну деле эске алып коюңуз.

Айбек Жунушалиев:

Макул, эске алабыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>