Машыктыруучу отуруп иштеген кеңсе кызматкерлерине кеңеш берди

Машыктыруучу отуруп иштеген кеңсе кызматкерлерине кеңеш берди

Фитнес-машыктыруучу Натали Роуз кыймылсыз жашоо образын жүргүзгөн жана отуруп иштеген кеңсе кызматкерлери үчүн кеңеш берди.

Ал Metro басылмасына берген маегинде билдиргендей, кеңседе отуруп иштеген адамдар күнүнө болгону 101 мүнөт туруп турушат, ал эми үйдөн иштегендер андан 10 мүнөт азыраак гана турушат. Мындай фактылар көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин аныкталган.  Мындай көрүнүш адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Бирок, кыймылсыз жашоо образы бар адамдар үчүн физикалык активдүүлүктү жогорулатуунун бир нече жолу бар.

Фитнес-машыктыруучу Роуз жумуш учурунда телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан убакта басууну сунуштайт. Ошондой эле, ал суу же кофе куюп алуу үчүн тыныгуу алып туруу пайдалуу болорун айтат.

Дагы бир фитнес машыктыруучу Мари Кармен ден соолукту чыңдоо үчүн күнүнө эки-үч литр суу ичүүнү сунуштайт, бул өзгөчө кыймылсыз жашоо образын жүргүзгөн адамдар үчүн абдан маанилүү.

Фитнес инструктору Стивен Дик кеңсе кызматкерлерине жумуш күнү кыска машыгууларды жасоону кеңеш кылат.

Анын айтымында, беш мүнөттүн ичинде столдо же отургучта бүт дененин булчуңдарын чойгон көнүгүүлөрдү жасоого болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>