Кыргызстанда августта аба ырайы кандай болот?

Кыргызстанда августта аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидромет агенттиги август айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди. Жаан-чачындын айлык көлөмү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында климаттык нормага жакын болот.

Ысык-Көл облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 17…19 градус жылыйт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11ден 13…18 градуска чейин, күндүз 17…22ден 25…30 градуска көтөрүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын сакталат.

Нарын облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 16…18 градус жылыйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…10дон 13…18 градуска чейин, күндүз 18…23төн 27…32 градус болот. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 23…25 градус, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 15…17 градус жылыйт. Ай ичинде түнкүсүн 11…16дан 19…24 градуска жетет, күндүзү 23…28ден 32…37 градуска чейин ысыйт. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде ай ичинде түнкүсүн 5…10дон 12…17 градуска чейин, күндүз 16…21ден 27…32 градуска чейин ысыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Талас облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде сакталып, 18…20 градус жылыйт. Ай ичинде түнкүсүн 6…11ден 13…18ге чейин, күндүз 21…26дан 30…35 градуска чейин өзгөрүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакындайт.

Ош жана Жалал-Абад облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 24…26, тоо этектеринде 20…22 градус жылыйт. Ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 12…17ден 20…25ке чейин, күндүз 26…31ден 34…39 градуска дейре көтөрүлөт.  Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде түнкүсүн 10…15тен 16…21ге чейин, күндүз 22…27ден 31…36 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Баткен облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 24…26, тоо этектеринде 20…22 градус жылыйт. Ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 12…17ден 20…25ке чейин, күндүз 26…31ден 34…39 градуска дейре көтөрүлөт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде түнкүсүн 10…15тен 16…21ге чейин, күндүз 22…27ден 31…36 градуска чейин болот. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>