Райымбек Матраимовдун 3 млрд сомдук мүлкү мамлекетке өткөрүлдү (тизме)

Райымбек Матраимовдун 3 млрд сомдук мүлкү мамлекетке өткөрүлдү (тизме)

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун баасы 3 млрд 98 млн 134 миң сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, комитет тарабынан президент Садыр Жапаровдун кылмыштуу топтордун, кландардын ишмердүүлүгүн бөгөттөө боюнча саясатын алдыга жылдыруунун алкагында, Р.Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча тиешелүү комплекстүү издөө-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Тактап айтканда, Райымбек Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы баасы 3 млрд 98 млн 134 миң сомду (34 млн 810 миң 500 АКШ доллары) түзгөн төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүп берилди.

— Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 млн 297 миң АКШ долларды түзөт;

— Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары, жалпы аянты 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 млн 627 миң АКШ долларын түзөт;

— Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери) алдын ала баасы 4 млн. АКШ долларын түзөт;

— Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 млн АКШ доллары;

— Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, офис кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң АКШ долларды түзөт;

— Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ (бажылык каттоо жери) болжолдуу баасы 1 млн 286 миң АКШ доллары;

— ⁠Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» турак жай эмес коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн. 100 миң АКШ долларын түзөт.

Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Р.Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү комплекстүү иш-чаралар улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>