Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салындыбы? ТИМдин билдирүүсү

Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салындыбы? ТИМдин билдирүүсү

Казакстандын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнүн таанылышы боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, Кыргызстан жана Казакстан 1968-жылдын 8-ноябрындагы БУУнун “Жол кыймылы жөнүндө” Вена конвенциясынын мүчөлөрү болуп саналышат. Ага ылайык Конвенциянын катышуучулары Тараптардын аймагында берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара тааныйт.

“Казакстандын аймактык административдик полициясынын (автомобиль инспекциясынын) кызматкерлери тарабынан эл аралык мыйзамдардын жоболорун сактабаган айрым фактылар байкалууда, алар ички мыйзамдардын жоболоруна ылайык айдоочулук күбөлүктү казак үлгүсүнө алмаштырууну сунуш кылышат.

Өз кезегинде, министрлик казак тарапка Казакстандын Ички иштер министрлигинин алыскы жайгашкан тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен Казакстандын аймагында Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүнүн аныктыгы тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө өтүнүч билдирген”, — деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча казак тарап зарыл болгон маалыматтык иштер жүргүзүлөрүн билдирген. Тийиштүү биргелешкен чара көрүү үчүн мындай ар бир окуя тууралуу маалымдоо тууралуу өтүнүчүн билдирген.

Министрлик жана Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан бул маселе боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Казакстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүү пландаштырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Эмил Токтошев Казакстанда жашап турууга уруксаты бар кыргызстандыктарга ата мекендик күбөлүк менен унаа айдоого тыюу салынып жатканын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>