Мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди

Мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди

Мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. 

Мечитке келгенде төмөнкү эрежелерди сактоо керек.   

1) Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын  беткап тагынуусу талап кылынат.

2) Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.

3) Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл.

4) Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

5) Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.

6) Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп  жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.

7) Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

8) Саат 13:15 де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү,  ынтымакка,  биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү.

9) Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.

10) Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>