Меценат сегиз манасчыга эки бөлмөлүү батир белек кылды — сүрөт

Меценат сегиз манасчыга эки бөлмөлүү батир белек кылды — сүрөт

Бишкек шаарында сегиз манасчыга батир берилди.

Маалым болгондой, эки бөлмөлүү батирлер меценат жана жеке ишкер Нургалы Асаналиев тарабынан тартууланды.

Манасчылар — Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Самат Көчөрбаев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Асанаалы Калил уулу, Үмөт Болот уулу эки бөлмөлүү батирлүү болушту.

Ал эми белгилүү манасчы Рысбай Исаков өзүнө берилген сертификатты жаш манасчы жана «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбековго белек кылды.

Буга чейин 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: манасчы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>