Медайымдын ишин таштап, милиция кызматкери болгон Жыпаргүл Арыкбаева менен маек

Медайымдын ишин таштап, милиция кызматкери болгон Жыпаргүл Арыкбаева менен маек

Бүгүн, 1-ноябрь – милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Алардын иши — түйшүктүү да, жооптуу да. Милиция кызматкерлери күнү-түнү дебей коомдук тартип, коопсуздукту карап келишет. Милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамын утурлай Reporter.kg Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору, милициянын подполковниги Жыпаргүл Арыкбаева менен маек курду.

— Саламатсызбы, майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен 1976-жылы Базар-Коргон районунун Акман айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулгам. Тогуз бир тууганбыз, үйдүн кичүүсүмүн.

— Ички иштер органдарындагы эмгек жолуңуз качан башталган? Милиция кызматкери болуп иштеп баштаган алгачкы мезгил эсиңиздеби?

— Ички иштер органдарында 2004-жылдан бери кызмат өтөп келем. Алгач кызматка кабыл алынганда, Ош шаарында төрт ай алгачкы даярдоо курсунда окугам. Ошол күндөр жана курсту бүтүп келип, биринчи жолу кызматка дайындалган күндөгү сүйүнүчүм күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бирок бала кезимде врач болууну каалагам.

—  Милиция кызматкери болуудан башка тармакта иштесем деген ойлор келген эмес беле?

— Мен Ички иштер органдарына кызматка кабыл алынганга чейин башка тармакта иштегем. Кийин милиция кызматкери болсом деп тилек кылып, тилегим орундалды.

Мен башында айткандай, бала кезде дарыгер болууну кыялданчумун. Кийин окууну бүткөндөн кийин шартка байланыштуу, 1994-1996-жылдары, Жалал-Абад медициналык окуу жайында окуп (медайым), ийгиликтүү аяктагам. Ошол эле жылы Базар-Коргон борборлоштурулган ооруканасынын реанимация (чоңдор) бөлүмүндө жумушка орношком.

Ал жакта 1996-жылдан 2004-жылга чейин медайым-анестезист болуп иштедим. Кийин милицияга болгон кызыгуум артып, 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктагандан кийин ички иштер органдарына кызматка кабыл алынгам. Бул кызматка өткөнүмө өкүнбөйм, сыймыктанам. Ички иштер органдарында кызмат өтөгөнүмө быйыл 19 жыл болот.

— Жакшы кадрлар көп нерсени чечет эмеспи. Ишке жаңы кызматкерди алып жатканда эмнеге көңүл бурасыздар?  Милиция кызматкери болом деген адам кандай сапатка ээ болушу керек?

— Акыл-эсине, жөндөмүнө, билимине жана Мекенди сүйүүсүнө карайбыз. Андан тышкары, башка талаптар бар. Маселен, эркек балдардын бою 170 см, ал эми кыздардыкы 165 см жогору болуш керек. Ошондой эле, кызматка алынып жаткан талапкер сынактын талаптарынан өтүшү зарыл.

Милиция кызматкери эрктүү, чынчыл, ак ниеттүү, кызматына берилип иштеген адам болуш керек деп ойлойм.

— Милиция кызматкеринин иши эмнеси менен кызык, эмнеси оор? Милиция кызматкеринин иши сиз үчүн эмнеси менен ардактуу?

— Эл менен иштешүү кызык. Бирок оор деп айта албайм, себеби бул кызматка кызмат өтөйм деп өзүм каалап келгем.

Ооба, бул кызмат ары кооптуу, ары жооптуу, сыймыктуу деп билем. Ар бир кесип ардактуу дегендей, мага да өз кесибим ардактуу. Бул кесипти тандап алганыма, эл үчүн кызмат кылып жатканыма сыймыктанам.

— Ишиңизде сизди эмне кубандырат же өкүндүрөт?

— Бул кызматта элге талыкпай кызмат кылып жатканыбыз кубандырат. Ал эми өкүндүргөнү,  кээде, кесиптештерибиз пенсияга жетпей каза болуп калат. Кесиптештерибиз кызмат өтөп жүрүп ооруп калышат. Инсульт же инфаркт деген оорулардан көз жумган учурлар болот.

—  Бош убактыңызда эмне кылганды жактырасыз?  

— Бош убактымда апама барып көңүлүн алганга аракет кылам. Баламдын сабактарына, ийримдерине көңүл бурам.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>