Медиа уюмдар «Азаттыкка» каршы арызды чакыртып алууну талап кылды

Медиа уюмдар «Азаттыкка» каршы арызды чакыртып алууну талап кылды

Кыргызстандагы 25тен ашуун медиа уюм, жалпыга маалымдоо каражаты жана журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин «Азаттыкка» каршы доо арызын соттон чакыртып алууну талап кылды.

24-январда жарыяланган билдирүүсүндө алар министрлик ушу тапта «Азаттык Медианын» доо арызы боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүдө жоопкер экенин, бирок ал соттун чечими чыга электе эле «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотууну суранып сотко кайрылып жатканы мыйзамга каршы келерин белгилешти.

Билдирүүдө «Азаттык Медианын» ишин токтотууга негиз катары коюлуп жаткан «согушту, зомбулукту, кастыкты үгүттөө» деген мүнөздөгү жүйө өтө олуттуу айып экени, андай кине кастык атайылап, системалуу түрдө жайылтылып жаткан учурда гана орундуу болору, ал эми редакция андай кылбаганы, болгону кеп болуп жаткан видео материалында эки өлкөнүн мамлекеттик расмий органдарынын маалыматын гана бергени белгиленди.

«Сот ЖМК ишин эгер ал коом үчүн кооптуу кесепеттерге алып келе турган мыйзам бузуучулукка системалуу түрдө жана карасанатайлык менен барып жаткан болсо, ошонун документалдык далилдери бар болсо токтото алат. Министрликтин доо арызы негизсиз. Себеби анда «Азаттык Медиа» мыйзамды системалуу түрдө бузганы тууралуу реалдуу фактылар жана негиздер келтирилген эмес. «Азаттык Медианын» жабылышы сөз эркиндигинин жана ЖМК плюрализминин чектелишин гана жаратпастан, жарандардын маалымат алуу укугунун чектелишине алып келет», — деп айтылат билдирүүдө.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы — «Настоящее время» телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

«Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.

Ал арада министрлик «Азаттык Медианын» ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Анын арызы 9-февралда каралат. Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. «Азаттык Медиа» мекемеси «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат» деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>