Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону атыкты
15.04.2021 | 20:29
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта Азия чемпиону атыкты. Турнир бүгүн, 15-апрелде Алматы шаарында өттү.
Ал кыз-келиндер арасындагы мелдештин 68 килограмм салмагынын финалында моңголиялык Делгермаа Енкшайханды утту.
Ал эми Айпери Медет кызы (76кг) күмүш байге жеңсе, Нураида Анаркулова (59кг) коло мөөрөй утту.
Белгилей кетсек, буга чейин Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Токиодо өтүүчү жайкы Олимп оюндарына баруу үчүн жолдомо утуп алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт