MEGA чет өлкөлүк компанияга сатылабы? Жооп

MEGA чет өлкөлүк компанияга сатылабы? Жооп

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Альфа Телеком» ЖАКсына (азыр жаңы MEGA соода маркасы менен иштеп, ребрендингге чейин MegaCom деген ат менен белгилүү) байланыштуу кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, учурда Жогорку Кеңеште 2023-2025-жылдарга мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы каралууда. Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине MEGA да киргизилип, мындан улам ал толук баалоодон өткөн.

«Бул эмнени билдирет? Менчиктештириле турган объектилердин тизмесине киргизилгенден кийин башкаруучу өзгөрүп, же Улуттук банк, же Мамлекеттик өнүктүрүү банкы кожоюн болуп калат деп болжолдонууда. Тийиштүү чечим Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынат. Башкача айтканда компания өлкөнүн бюджетин толтурууга салым кошууну улантуу менен мамлекеттин карамагында калат жана банктын көзөмөлү астында тез өнүгөт.

Демек, компания эч кандай жол менен жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт. Анын үстүнө башкаруучунун алмашуусу калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жакшырышына, MEGA мамлекеттик компаниясын андан ары активдүү өнүктүрүүгө тез алып келет деп күтүлүүдө», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, мындан бир нече жыл мурда «Альфа Телеком» ЖАКсын сатууга аракеттер болгон. Ал убактарда анын баасы 19 млрд сомго бааланган. Бирок сатып ала тургандар чыккан эмес.

Андан кийин акыркы эки жылда «Альфа Телеком» ЖАКсы сатылары тууралуу айтылып келген. Анын азыркы баасы 12 млрд сом деп бааланып жатканы кабарланган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>