МЕГА-СҮЙҮНЧҮ! MegaCom Кыргызстанда 5G технологиясынын биринчи тест-драйвын аяктады

МЕГА-СҮЙҮНЧҮ! MegaCom Кыргызстанда 5G технологиясынын биринчи тест-драйвын аяктады

Өтө жогорку ылдамдыктагы 5G стандарты – эми фантастика эмес, ал жакынкы убактарда Кыргыз Республикасынын абоненттери үчүн жеткиликтүү боло турган реалдуулук.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Бишкек шаарынын аймагында 5G технологиясынын биринчи тест-драйвын аяктаганын кубануу менен кабарлайт.

Байкоо-ченөө учурунда MegaCom’дун 5G-интернетинин ылдамдыгы СЕКУНДАСЫНА 1,8 ГИГАБИТ РЕКОРДДУК чекке жетти! Бул көрсөткүч оператор үчүн чек эмес!

«Мындай ылдамдыкка жетүү – Кыргызстандагы эң бир заманбап 5G инфраструктураны түзүүгө ташталган маанилүү кадам. Жакынкы убактарда MegaCom’дун абоненттери жаңы муундагы 5G түйүнүн өздөрү сынап көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат», – деп билдирди MegaCom компаниясы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя тууралуу.

5G технологиясынын ийгиликтүү тест-драйвы MegaCom компаниясын диапазон жыштыгынын көлөмү боюнча Кыргызстандагы №1 компания катары көрсөтүп, өлкөдөгү ультразаманбап технологиянын жана инфраструктуранын өнүгүүсүнүн жаңы баскычы болуп калды.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 5G түйүнүнүн пилоттук сыноолорун аяктаган соң, бардык абоненттерге жогорку ылдамдыктагы интернетти жана байланыш кызматтарын таптакыр башка, жаңы деңгээлде сунуштамакчы.

Кызыгуу жараттыбы? Биздин жаңылыктарды байкап туруңуздар жана MegaCom’дун жогорку ылдамдыктагы интернет дүйнөсүнөн кезиккенче! 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: MegaCom

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>