Көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өтөт

Көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өтөт

Быйыл Түркиянын Изник шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Эл аралык көк бөрү федерациясынын башкы катчысынын милдетин аткаруучу Куватбек Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, жакында эле Кыргызстанга Казакстандын улуттук жана ат оюндар түрлөрү борборунун директору Бакдаулет Сабитов сүйлөшүү үчүн келген.

«Алар өздөрү чалып «жаңы мамиле түзөлү, эки элдин ынтымагын бекемдейли» деген максаты менен келди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Изник шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алар көк бөрү, биз көкпар боюнча оюндарга катыша турган болдук. Ал үчүн алар эки курама, биз да эки курама түзөбүз», — деди ал.

Эки өлкөнүн негизги курамаларына күчтүү оюнчулар кирип, экинчилери алсыз болуп, көк бөрү жана көкпар боюнча оюндар кызыксыз өтпөшү үчүн Кыргызстан да, Казакстан да өз курамаларындагы күчтүү оюнчуларды тең бөлүштүрүүнү чечкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>