MegaCom компаниясы чек арачыларга жана атайын багыттагы «Шумкар» полкуна жардам көрсөттү

MegaCom компаниясы чек арачыларга жана атайын багыттагы «Шумкар» полкуна жардам көрсөттү

MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында 28-май — Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн күнүнө карата, ошондой эле Куралдуу кучтөрдүн күнүн утурлай чек арачыларга жана атайын багыттагы «Шумкар» полкунун жоокерлерине жардам көрсөттү.

MegaCom уюлдук операторунун жамаатынын атынан УКМКнын алдындагы Чек ара мамлекеттик кызматынын Баткенде жайгашкан № 2001 аскердик бөлүгүнүн курамына жакында эле кыргыз-тажик чек ара чырынан улам жарактан чыккан же оңдоо зарылчылыктары жаралган техникаларды оңдоого, тетиктерин сатып алууга атайын сертификаттар тапшырылды.

Ички иштер министрлигине караштуу, Баткен облусунда жайгашкан «Шумкар» атайын багыттагы полкко компьютердик техникалар жана видеобайкоо жабдыктарын сатып алууга сертификаттар берилди.

«Урматтуу коргоочулар! Сиздерди Чек арачылардын кесиптик майрамы менен жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктайбыз. Сиздерди күчтүүлүктүн, ар намыстуулуктун, мекенчилдиктин үлгүсү катары билебиз. Чек арада туруп бизди, жалпы журтту жоопкерчиликтүү түрдө коргоп келе жатасыздар», – деди «Альфа Телеком» ЖАКсынын башкы директору Азат Базаркулов.

Өз сөзүндө ал жакында Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырында көрсөткөн күжүрмөн кызматтары, тайманбастыктары үчүн чек арачыларга ыраазычылык билдирди.

«Биз дагы бул учурда кол куушуруп отура алган жокпуз, мындай чукул кырдаалда компания аскер бөлүктөргө зарыл болгон жардамдарды берүү чечимин кабыл алган», – деди Базаркулов.

Салтанаттуу аземдин соңунда Мамлекеттик чек ара кызматы жана Ички иштер министрлиги материалдык колдоо үчүн MegaCom компаниясына ыраазычылык билдирип, көп жылдан бери өнөктөш экендиктерин белгилешти. Ошондой эле MegaCom аталган кызматтарга мезгил-мезгили менен жардам көрсөтүп турган компания экендигине токтолушту. Мисалы, өткөн жылдары MegaCom Баткен облусундагы чек ара заставаларына жана Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы №2028 аскердик бөлүгүнө шейшеп сатып алуу үчүн каражат бөлгөн. Мындан тышкары Ош облусундагы №2024 чек ара отрядынын аймагында жайгашкан «Түштүк» госпиталынын чатырын оңдоп-түзөөгө каражат бөлгөн.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек ара чыры токтоп, туруктуулук орногонго чейин MegaCom Баткенде жашаган абоненттерин, жаңжалды басууга катышкан бардык мамлекеттик кызматкерлерди акысыз байланыш жана Интернет менен камсыздады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>