Бабанов: Күнөөнү толугу менен мойнума албайм

Бабанов: Күнөөнү толугу менен мойнума албайм

Өмүрбек Бабановго каршы Кумтөр боюнча эч кандай шек саноолор болушу мүмкүн эмес, анткени ал эч кандай мыйзамсыз аракеттерди жасаган эмес. Бул тууралуу анын жактоочусу Амантур Абдырахманов билдирди.

Анын айтымында, УКМКдагы сурак учурунда Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турганда Кумтөр маселеси боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача суракка алынган. Бирок ага каршы кандай шектенүүлөрү бар болгондугу түшүндүрүлгөн эмес. Ошондуктан, Өмүрбек Бабанов дагы, адвокаты дагы, эмне боюнча шектелип жаткандыгын, эмне үчүн кармалганын түшүнгөн эмес.

“Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын августуна чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон. Бул убакыт аралыгында ал Кумтөргө байланыштуу эки гана аракет жасаган. Биринчиден, ал «Кумтөр компаниясы» тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо чараларын сактоо боюнча ЖК чечими менен комиссия түзгөн. Экинчиден, Өмүрбек Бабанов ага чейин премьер-министр Данияр Үсөнов кабыл алган 16 миң 330 гектар жерди Кумтөргө өткөрүп берүү жөнүндө токтомду жокко чыгарган. Андыктан, Бабанов жерди Кыргызстандын өкмөтүнө кайтарып берген! Биринчисинде дагы, экинчисинде дагы Өмүрбек Бабанов тарабынан мыйзам бузуулар болгон эмес. Андыктан Өмүрбек Бабанов эмне боюнча шектелип, эмне үчүн камалып жаткандыгын биз түшүнө алган жокпуз.

Өмүрбек Бабанов өзү сурак протоколунда: “Шектин маңызы мага түшүнүксүз. Күнөөнү толугу менен мойнума албайм» деген”, — деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>