MegaCom’дон лайфхактар: мобилдик алдамчылардан кантип сактануу керек?

MegaCom’дон лайфхактар: мобилдик алдамчылардан кантип сактануу керек?

Кыргызстанда санарип технологияларынын өсүшү менен абоненттер мобилдик түзмөктөрдүн ишине таасир эте алган, уюлдук телефон аркылуу уурулук кылгандарга жана зыяндуу программалардын жаман иштерине көп кабылып жатышат.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору мобилдик шылуундар менен күрөшүүгө жана абоненттердин акча каражаттарынын сакталышын камсыздоого багытталган бардык иш-аракеттерди жасайт.

Буга чейин абоненттердин телефондо сакталган каражаттарына кирип, аны өзүнө өткөрүп алган учурлардын болгондугуна байланыштуу телефондун балансын, мобилдик капчык же банк карталарындагы каражатты кантип коопсуз сактоо керектиги боюнча негизги эрежелер менен тааныштырабыз.

MegaPay тиркемеси менен алдамчылык

Мындай шылуундуктардын эң көп жайылган түрү — алдамчы MegaPay тиркемесине чоочун телефон номер менен авторизацияланууга аракет жасап, андан соң абонентке чалып, түрдүү калп сөздөрдү айтуу менен тастыктоо кодун алат. Андан кийин шылуун төлөм кодун сурайт дагы абоненттин акча каражатын чыгарып кетет.

Зыянга учуратуучу программалар

Мындан тышкары шылуундар абоненттердин конфиденциалдуу маалыматтарын алуу максатында зыяндуу программалардын жайылышынын бардык ыкмаларын ойлоп чыгышат. Мындан тышкары мобилдик аппарат шектүү сайттарда гана эмес, сиз тааныган же тааныбаган адамдардан келген шилтемелерге өткөндө да андай тобокелчиликтерге кабылуусу мүмкүн. Баса, зыяндуу программа SMS-каттарды да окуй алат.

Мындай программалар сиздин байланыш тизмегиңиздеги номерлерден гана эмес, демейдегиден бир нече эсе кымбат деп саналган айрым эл аралык номерлерден да SMS-билдирүү жөнөтө алат. Кирүүдө сизге түрдүү эскертүүлөр берилиши мүмкүн, мисалы: «Сиздин аккаунт бузулду», «Антивирус эскирди, шашылыш жаңылаңыз», «Сага билдирүү келди». Шилтеме аркылуу өткөндө телефон вируска кезигет, ал вирус эсептен акчаны «соруп» алат же бардык системаны блоктойт дагы, аны блоктон чыгаруу үчүн көрсөтүлгөн номерге кайсы бир суммадагы акчаны которууну талап кылат.

Маалыматтык алдамчылык

Шылуундар арасында зыяндуу программалардын катарында эле колдонуучуларды алдоонун дагы бир нече ыкмасы популярдуу. Алдамчылар маалыматтык билдирүү даярдашып аны социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу таратышат. Маселен:

  • күтүлбөгөн байге: «Сиз белек утуп алдыңыз! Аны алуу үчүн …… номерине SMS жөнөтүңүз».
  • башканын акчасы: эгерде сиздин эсепке капысынан эле акча которулуп калган болсо, көп өтпөй мындай билдирүү келиши мүмкүн: «Кечиресиз, сизге адашып 300 сом которуп алыптырмын. … ушул номерге кайра жөнөтүп коюшуңузду суранам». Эсиңизден чыгарбаңыз, эгер ал адам бир сандан адашып балансты туура эмес толуктап алган болсо анда ал MegaCom’дун каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна келип, чекти көрсөтүп акчасын кайра кайтарып алса болот.
  • банктан SMS: эгерде сизге «Сиздин банк картаңыз блоктолду. Кененирээк … ушул номер аркылуу билсеңиз болот» деген билдирүү келсе, анда банктын өзүнүн расмий сайтында көрсөтүлгөн телефон номерге чалып, бул билдирүүнүн чын-төгүнүн билиңиз.

Шылуундардын мындай аракеттеринен сак болушуңуз үчүн төмөнкү кеңештерди эсиңизге алыңыз:

  • өзүңүзгө сак болуп, конфиденциалдуу маалыматтарды, SMS-билдирүүдөн маалыматтарды, авторизация жана тастыктоо коддорду, сиздин банк картаңыздын артында көрсөтүлгөн CVV коддорду үчүнчү жактарга бербеңиз;
  • уюлдук программаларды ар дайым расмий мобилдик дүкөндөрүнөн (App Store, Google Play жана башка) жүктөңүз;
  • белгисиз жана шектүү шилтемелер аркылуу өтпөңүз;
  • дайыма антивирустун акыркы версиясын колдонуңуз;
  • ар бир тиркемени орнотуп жатканда сизден талап кылынган эрежелердин тизмесине көңүл буруңуз. Эгерде жөнөкөй эле бир оюн сизге SMS-билдирүү жөнөтүүгө жетки сурап жатса ойлонууга себеп бар деп билиңиз.

Эгерде сиз алдамчылардын тузагына илинген болсоңуз *500 номери аркылуу MegaCom’дун Байланыш-борборуна кабарлооңуздарды суранабыз. Бул абоненттердин тобокелчиликтерин азайтып, аныктап жана аны жок кылууга карата иш-аракеттерди жасоого жардам берет.

Абайлаңыз, алдамчылардын кылтагына илинбеңиз!

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>