Президент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керекМанас Кыргызстандагы экинчи экономикалык борбор макамын алатКыргызстанда 2027-жылдын январынан тарта бир катар социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөт
Депутат: Мектеп автобусунда жол кире тарифтен төмөн болушу керек
01.12.2022 | 15:15
Бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев жол кире акысы 20 сомду түзгөн «Мектеп автобусу» пилоттук долбоорун ишке ашыруу маселелерин токтолду.
Анын айтымында, мектеп автобустарына жол кире акысы жогору болбошу керек.
«Албетте, мындай жол киреден улам балдар жөнөкөй автобустарды күтүшөт жана бул пилоттук долбоор ийгиликтүү болбой калат. Андыктан мектеп автобусундагы жол кире баасы шаардык коомдук транспортто белгиленген тарифтен төмөн болушу керек», – деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, борбордо пилоттук режимде мектеп автобустары каттай баштады. Автобустар №13, 29, 28, 69 жана 70 мектептерди камтыйт.
Долбоорду жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу компания ишке ашырууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом