Садыр Жапаров Кара-Көл шаарына жаңы мэр дайындадыКызыл-Жылдыз айылында 90 жумушчу орунга ылайыкталган ири нан комбинаты ишке киргизилетУКМК: Кыргызстанда туруп, чет элдиктерди интернет аркылуу алдап жүргөн топ аныкталдыПрезиденттин катышуусунда Ысык-Көл эл аралык форумунун ачылышы болду — сүрөтКыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн беш жылдык программасы иштелип чыгатЖаан жаайт: 19-июнга карата аба ырайынын божомолу
Мектептеги ок атуу. Казанда жабыркагандардын саны 32ге жетти
11.05.2021 | 15:48
Казань шаарындагы мектептеги ок атуудан жабыркагандардын саны 32 адамга жетти. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.
Маалыматка таянсак, 32 жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Ал эми мектепте ок атуу башталганда 714 окуучу, 52 мугалим жана 18 кызматкер болгон.
Бүгүн, 11-майда Казань шаарындагы мектепте ок атылып 11 адам каза болгон. Окко учкандардын көпчүлүгү жаш балдар экени айтылат. Ал эми эки окуучу үчүнчү кабаттан секирип көз жумган.
Мектепте эки өспүрүм ок чыгарган. Алардын бири кармалып, экинчиси атып өлтүрүлгөн.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар