Мектептерге инсандардын атын ыйгарууга тыюу салынат

Мектептерге инсандардын атын ыйгарууга тыюу салынат

Мектептерге инсандардын атын ыйгарууга тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, өкмөт калктуу аймактарга ысым ыйгарууга байланыштуу парламентке долбоор сунуштайт.

«Мындан ары мектептерге ардагер мугалимдердин гана ысмы ыйгарылып, башка кишилердин аты менен атоого тыюу салабыз. Болбосо номер же айылдын аты менен эле атала берет», — деди ал.

Төрага Нурланбек Шакиев калктуу аймактарды (айыл, шаар) адамдын аты менен атоого токтотууга чакырды.

«Биз Аксыда айылдарды жер, суунун аталышына өткөрдүк. Мисалы, Сары-Челек айылы деп. Мыкты, тарыхый инсандарыбыздын ысмы бардык айылдарга жетпейт экен», — дейт ал.

Белгилей кетсек, аймактык-административдик реформанын жыйынтыгында бириктирилген айылдар башка аймактын аты алуудан баш тартып жатканын кабарланды. Тамчы, Торуайгыр, К. Карасаев айылдары аларды К. Тыныстанов деп атоону суранышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>