Мелис Аспеков 7 жылга кесилди

Мелис Аспеков 7 жылга кесилди

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 23-марттагы өкүмү менен Мелис Аспеков 7 жылга кесилди. Бул туурасында аталган соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 28-октябрындагы Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу менен, М.А.Аспеков биротоло 7 (жети) жылга эркиндигинен ажыратылып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт.

Андан тышкары Мелис Аспеков жабырлануучуларга:

М.Г.Р. жана Н.С.А. 21 197 500 (жыйырма бир миллион бир жүз токсон жети миң беш жүз) сом, B.T.P. 304 400 (үч жүз төрт миң төрт жүз) сом;

H.L.S. 1 729 324 (бир миллион жети жүз жыйырма тогуз миң үч жүз жыйырма төрт) сом;

К.С.Р. 205 320 (эки жүз беш миң үч жүз жыйырма) сом төлөшү керек болот.

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.  Ага 2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү менен жазалар белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>