Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолу курула баштады
24.03.2022 | 09:00
Кыргызстан өз күчү менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун кура баштады. Бул туурасында президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
“Кудай буюрса, өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун кура баштадык. 1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз”- деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика