Мелис Аспеков: Жумалиевге куран карматканыма бушайман болуп жатам

Мелис Аспеков: Жумалиевге куран карматканыма бушайман болуп жатам

Активист Мелис Аспеков ооруканада оор абалда жаткан Кубанычбек Жумалиевге ден соолук каалап, ага куран карматканына буйшайман болуп жатканын reporter.kg’ге билдирди.

«Бул кишинин ооруп жатканын ЖМКлардан билдим мен деле. Оор экенин укканда мен да бир аз бушайман болуп атам. Адамдар мага чалып, жазып жатышат, «муну куран уруп баштады» деп. Муну угуп окуп да жүрөгүм зырп этип кетип жатат. Кайдан мен бердим, кайдан ал киши ала калды деп. Жакшы болуп кетсин эртерээк оорудан», — дейт активист.

Эске салсак, жазында активист Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевди өлкөнүн байлыгын уурдап байыган деп айыптап чыккан. Бул билдирүү боюнча теле берүүлөрдүн бирине барган Аспеков менен Жумалиев талашып, Аспеков аны куран кармап өлкөнүн байлыгын урдаган эмесмин деп касам ичирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>