Ырчы Бек Борбиев бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Раим Матраимов менен достук мамилеси тууралуу Instagram баракчасына жазды.
“Ооба, мен партияга ыр жаздым (“ Мекеним Кыргызстан ”), колдон келген жардамымды берем. Эгер досуң кыргыз элин көтөрөм десе, сен четте калбайсың да, кантип жардам бербейсиң. Ырас, биз аны менен (Райым Матраимов) 25-30 жылдан бери доспуз. Менин досторум көп эмес, ушул куракта жаңы досторду таппайсың », — деп жазат ырчы.