Мени саясий фигура кылгылары келет. Камактагы Теңгиз Бөлтүрүктүн каты

Мени саясий фигура кылгылары келет. Камактагы Теңгиз Бөлтүрүктүн каты

Бишкек шаардык соту тарабынан 10-ноябрга чейин камакта калтырылган «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк шаардык соттун коллегиясына кат жазды. Аны Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы расмий баракчасына жарыялады.

Бишкек шаардык соту 3-октябрда мурунку инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган. Теңгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин камакта болот.

«Мен Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 2020-жылдын октябрь айында Кумтөрдү элибизге кайтарып берүүгө жана кырдаал толук турукташканга чейин аны жетектөөгө жардам берүү үчүн мекениме кайтып келгем. Садыр Нургожоевич, Акылбек Үсөнбекович жана мен үчөөбүз чоң көлөмдөгү жана түйшүктүү иштерди жасап, эч кандай улутташтырбай туруп, мыйзамдуу түрдө Кумтөрдүн акцияларын 100% Кыргызстанга кайтарып бердик.

Мен башталышынан жана акыркы 2022-жылдын 2-августуна чейин, КГКнын 100% акциясын өткөрүп бергенге дейре, мен Центерра менен сүйлөшүүлөрдүн бардык процесстерин координациялап, катышып, президенттин тапшырмасын жана жарандык, адамдык милдетимди, «Центерра» мени «Кумтөр Голд Компанинин» (КГК) жетекчилигинен кандайдыр бир жол менен четтетүү үчүн Онтарио провинциясында сотко бергенине карабай аткардым. Соттун чечимин аткарып, 2021-жылдын июнь айында «Кумтөрдүн» жетекчилигин убактылуу жетектөөдөн баш тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө арыз менен кайрылгам.

Бирок Улукбек Марипов кол койгон министрлер кабинетинин токтому менен, мен Кыргыз Республикасынын жараны катары муну аткарып, Кумтөрдү башкарууну улантууга милдеттенгем. Мен 35 жылдык таза бизнес репутациямды тобокелге салып, КГКны жетектеп жүрдүм. Онтарио соту алардын чечимин аткарбаганым үчүн мага 310 миң доллар айып салды жана бул сот процесси дагы деле уланууда. Азыр мени кыргыз соту соттоп жатат. Алар мени саясий фигура кылгылары келет”, — деп жазган ал катка.

Мындан тышкары, ал катка «Кумтөрдө» ондогон коррупциялык келишимдер бузулуп, күйүүчү-майлоочу майларды жана башка материалдарды уурдоо токтотулганын жана 2021-жылдын 7,5 айында компаниянын чыгымдары 104 миллион долларга же 16,1% кыскартылганын жазган.

Теңгиз Бөлтүрүктун сотко жазган каты толугу менен тиркелет:

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>