“Манас” аэропорту 49 жылга ижарага берилбейт, — Бакиров

“Манас” аэропорту 49 жылга ижарага берилбейт, — Бакиров

“Манас” аба майданы 49 жылга ижарага берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу парламентте  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Мирлан Бакиров 4-октябрдагы парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып, аба майдандарга байланыштуу сунуштар түшүп жатканын кошумчалады.

«Ошол эле учурда башка компаниялардан инвестициялык сунуштар түшүүдө. Бүгүнкү күндө Түркиядан, Бириккен Араб Эмиратынан жана Орусиядан сунуштар бар. Жумушчу топ ар бир сунушту карап, анан өз чечимин жарыялайт», — дейт ал.  

Икрамов бул маселени көзөмөлгө алуу керектигин, анткени аба майдандар жеке колго өтүп кетсе, анда алар авиабилеттин баасын өздөрү белгилей турганын айтты.

«Бизге стратегиялык объектилер калабы? Эртең жеке соодагерлерге берсек учуп кетебиз. А эгер бизди жактырбайбыз деп киргизбей коюшса, эмне кылабыз? деди Икрамов. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>