Сузакта мечит курууга мыйзамсыз уруксат бергендерге кылмыш иши козголду

Сузакта мечит курууга мыйзамсыз уруксат бергендерге кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мечит курууга мыйзамсыз уруксат берген кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Барпы айылынын Ч.М.Х. аттуу тургуну 2022-жылдын аягында үйүнүн короосуна уруксат документтери жок, өз алдынча мечит куруп алганы аныкталган. 2023-жылдын март айында облустагы диний мекемелердин ишинин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн УКМКнын демилгеси менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия мечиттин ишин токтотуп, 7,5 миң сом айып салынган.

УКМКдан билдиришкендей, ага карабастан Ч.М.Х. аттуу жаран башка айылдардын тургундарынын колдорун чогултуп, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын, Жалал-Абад облусунун казыятынын, Сузактагы «Кадастр» жана Архитектура бөлүмүнүн жардамы менен уруксат кагаздары алынган. Бирок мечит салынган жерден 700 метр алыстыкта жума мечити болгон. Ошол эле учурда аталган мечитке өлкөдө тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрү зыярат кылганы белгилүү болгон.

«Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-берененин 1-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын, Сузактагы «Кадастр» жана Архитектура бөлүмүнүн жетекчилеринин, Жалал-Абад облусунун казысынын, ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын иш-аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Андан кийин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан берилген каттоо күбөлүгү жокко чыгарылып, мечит Барпы айылынын тургундарынын муктаждыгы үчүн социалдык объектке (ФАП же мамлекеттик дарыкана) айландырылат», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>