Кыргызстанда өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү текшерүү үчүн «Санариптик чек ара» тиркемеси ишке киргизилдиНарын облусунда мыйзамсыз балык уулаган Кытай жарандары Кыргызстандан чыгарылдыШКУ өлкөлөрүнүн артисттери Чолпон-Атада гала-концерт беришетМанас шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин проректору кармалды — УКМКНарын коругундагы марал багуучу жайдын аймагы 82 гектарга чейин кеңейтилдиКаттоо, курстар, сынак: Кыргызстанда дрон менен тартуу үчүн эмне талап кылынат?
Мэрия таштанды челектен таштанды чогултуп кетүүгө болбой турганын эскертти
18.09.2024 | 15:25
Бишкектин мэриясы таштанды челектерге ыргытылган желим бөтөлкө, банка жана башка буюмдарды чогултуп кетүүгө тыюу салынарын эскертет.
Мэрия белгилегендей, акыркы кезде таштанды челекке ыргытылган желим, темир идиштерди жана башка буюмдарды (экинчи жолу иштетүүгө мүмкүн болгон буюмдарды) терип, чогултуп кеткен учурлар көбөйүүдө. Бирок мыйзам боюнча ага тыюу салынган жана ал үчүн айып пул каралган. Челектеги таштандылар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдардын менчиги болуп саналат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом