Кызыл-Кыяда жаранды атып салган адам Тажикстандан кармалды

Кызыл-Кыяда жаранды атып салган адам Тажикстандан кармалды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында дүкөндүн ичинен бир жаранды атып салып, издөөдө жүргөн адам менен анын шериги Тажикстандан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 25-октябрга караган түнү Кызыл-Кыядагы дүкөндүн ичинде 32 жаштагы Л.Ш. жана 27 жаштагы И.У. аттуу жарандар өз ара пикир келишпестиктен улам, чырдаша кеткен. Натыйжада 27 жаштагы жаран жанындагы мылтык менен 32 жаштагы жаранды атып салган. Андан кийин окуя жеринен качып кеткен.

Октон жараат алган адам Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгерлик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, 27 жаштагы И.У. жана анын шериги 32 жаштагы А.А. издөөгө алынган.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, каза болгон адам менен издөөгө алынган жаран мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.

Ошондой эле 25-октябрда милицияга 32 жаштагы Т.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:30дар чамасында өздөрүн «смотрящий» деп атаган 8 жаран (арасында издөөдө жүргөн  И.У. да болгон) ок атуучу курал менен коркутуп, Кызыл-Кыя шаарына алып келип, «бизге жасалма 20 миң доллар таап келесин, болбосо автоунааңды бизге өткөрүп бересиң» деп ур-тепкиге алып, айдоочулук көбөлүгүн, 10,6 миң сом акчасын, айдап жүргөн автоунаасын тартып алган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, жабырлануучу Т.Д.га тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

«Ыкчам-иликтөө иштердин жүрүшүндө өздөрүн криминалдык төбөл эсептеп жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 27 жаштагы Т.М., Б.М., 31 жаштагы Э.М. жана А.И. ошондой эле мурда бир канча жолу соттолгон Ноокат районунун тургуну 21 жаштагы А.А. жана Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 18 жаштагы Э.И. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайга камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми издөөдө жүргөн И.У. жана анын шериги А.А. Тажикстанга качып кеткендиги аныкталган.

Баткен облустук милициянын башчысы Мурат Боронов Тажикстандын Согди облустук милициясынын начальниги Абдулло Навджувонов менен сүйлөшүү жүргузүп, эки өлкөнүн милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн И.У. жана А.А.ны кармаган. Учурда ал экөө Кыргызстанга алынып келген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>