ЖОЖдогу мугалимдердин маянасын көтөрүү каралууда, — Шакиев

ЖОЖдогу мугалимдердин маянасын көтөрүү каралууда, — Шакиев

Университеттеги мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине барган учурда билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, төрага окуу жайдагы түзүлгөн шарт-жагдай менен таанышып, кеңири маалымат алды. Талаптагыдай билим берүү үчүн каралган лаборатория, китепкана өңдүү мүмкүнчүлүктөрдү көрүп чыгып, студенттердин өз алдынча өнүүгүсү жана бош убактыларын майнаптуу өткөрүүсү үчүн заманбап инфраструктуралык шарттарды түзүүгө чакырды.

Андан соң профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Кыргызстандын билим берүү тармагында улуу окумуштуу, агартуучунун атын алып жүргөн бул окуу жайдын орду өзгөчө экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “8 миңден ашуун студент билим алган университет Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын бири экени баарыбызга белгилүү. Айрыкча келечек ээлерине керектүү дүйнө тилдерин окутуп жаткандыгы жогору баага татыктуу. “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” дегендей азыркы ааламдашуу доорунда көп тил билүү учурдун талабы. Андыктан тил үйрөтүүдө заманбап ыкмаларды пайдалуу кажет. Бирок эне тил баарынан бийик туруп, мамлекеттик тилге сөзсүз басым жасалышы шарт”, – деди.

Муну менен катар акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген Жогорку Кеңештин төрагасы: “Билимдүү коом жаралмайын, өнүккөн өлкөнү кура албайбыз. Мамлекеттин алдыга жылышы жарандарыбыздын билимине көз каранды. Андыктан, билим берүү тармагында эмгектенген агартуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, университеттеги мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү маселеси да каралууда”, – деди.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш дагы билим берүү тармагына тиешелүү демилгелерди, алгылыктуу реформаларды ар дайым колдоп келе жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Жакында эле парламент депутаттары жана Министрлер кабинети тарабынан Билим берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору демилгеленип, бириктирилген варианты колдоо тапты. Анда заман шартына ылайык, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сунуштар камтылган”, – деп кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>