Мигрант: Орусиядагы кыргыз элчилигин фотостудия кылып алышты — видео

Мигрант: Орусиядагы кыргыз элчилигин фотостудия кылып алышты — видео

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратында мыйзамга туура келбеген иштер жасалууда. Бул жер элчилик эмес, бизнес болуп бара жатат. Мындай билдирүүнү «Репортёрго» Москвадагы мекендештер билдирип, сүрөт, видеолорду салышты.

«Элчилик базар болмой болду. Тартипке салган эч ким жок, Тышкы иштер министрлигине мындай «бардак» болуп жатканы тууралуу маалымат жетпей жатат окшойт. Элчиликтин кире беришиндеги «Ресепшнден» дайын жок. Анын ордуна каяктагы балдар келип, сүрөт, көчүрмө чыгарган жай кылып алышты. Ал аз келгенсип, бул балдар бизнесин жарнамалап, ар кандай «Ватсап» группаларга жиберишүүдө.

Москвада мурда мындай эмес болчу, «Кыргыздипсервистин» колуна өткөнү базар кылып алды. Башка элчиликтерге барсаң баары жайында. Биздикин көрсөң уяласың», — деп билдиришти Москвадагы мекендештер.

[su_image_carousel source=»media: 51134,51136,51135″ crop=»none» autoplay=»4″]

Учурда редакция бул маселе боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардан тактап жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>