Мигранттар Мароккодон Сеута эксклавына бузуп киришти — Испания бийлиги армияны мобилизациялады

Массалык маалымат каражаттарынын (ЖМК) жазганына караганда, миңдеген мигранттар чек араны бузуп киргендиктен, Испаниянын бийлиги Африканын түндүгүндөгү Сеута эксклавында Марокко менен чек арада тартипти орнотуу үчүн аскерлерин тартууда.
Сеута — Испаниянын автономдуу шаары, ал өзүнүн географиялык жайгашуусунан улам миграция көйгөйүнө дайыма туш болуп келет. Алсак, 2021-жылы бир нече күндүн ичинде чек арадан 10 миңге жакын адам өткөн, алардын басымдуу бөлүгү — Марокконун жарандары. Африкадан келген мигранттардын агымын көзөмөлдөө үчүн шаарда Марокко менен чек араны бойлото тикенектүү зым тартылган бийик тосмо тургузулган.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, аскер кызматкерлери шаарда коопсуздукту камсыз кылууда Жарандык гвардиянын кызматкерлерине жардам беришет. Учурда шаардагы кырдаал башаламандыкты элестетип турат.
Жергиликтүү басылмалар жазгандай, чек арадан өтүүгө аракет кылган кеминде 18 адам каза болгон, ал эми миңдеген мигранттардын агымы Мадриддин бардык божомолдорунан ашып түштү. Акыркы 10 күндүн ичинде автономдуу шаарга 1,5 миңден 2 миңге чейинки адам бузуп кирген.

Белгиленгендей, өткөн аптада Мароккодон Сеутага 1,5 миңден ашуун адам суу менен сүзүп келишкен, дагы жүздөгөн адамдар шаарга жөө жетишкен. Ошол эле учурда эксклавка келген мигранттардын жалпы саны азырынча тактала элек. Миңдеген адамдар Сеута менен чектешкен Марокконун Фнидк калктуу конушуна келүүнү улантууда, ал жерде узундугу 5 чакырымга жеткен адамдардын колоннасы пайда болгон.
Сеутанын мэри Хуан Хесус Вивас Мадридден шаарда улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону талап кылып, болуп жаткан окуяны «толук гуманитардык жана социалдык апаат (катастрофа)» деп атады. Ал ошондой эле өлкөнүн аскер жетекчилигин «чечкиндүү» аракеттерге чакырды.