Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Чолпон-Атада сүйлөшүүлөрдү башташты
31.07.2026 | 11:54

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий тосуп алуу аземи өттү.

Мамлекет башчыларын расмий тосуп алуу аземи Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» маданий борборунда болду.

Өз ара саламдашкандан кийин президенттер Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ушундан кийин президенттер Ардактуу кароол ротасынын тизимин кыдырып чыгышты.

Ильхам Алиев аскер кызматкерлери менен: «Салам, аскер!» — деп саламдашты. Андан соң эки өлкөнүн лидерлери байыркы зоот кийген этно-жоокерлердин алдынан өтүп, андан кийин расмий делегацияларынын мүчөлөрү менен тааныштырышты.

Биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев атайын тигилген боз үйгө өтүп, бетме-бет форматындагы сүйлөшүүлөрдү башташты.