Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Мигранттардын балдары өтө оор запкы жеп жатышат, – депутат
08.06.2022 | 15:22
Кыргызстандын айыл жерлеринде мигранттардын балдары өтө оор запкы жеп жатышат. Мындай пикирин бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.
Эл өкүлү Москвага бала багуу үчүн 11 жаштагы кызын жиберип, ал туугандары тарабынан сабалган учурду мисал келтирип, мындай окуялар айыл жеринде көп экенин айтты.
“Айылдагы мигранттардын балдары боюнча бир чечим кабыл алынышы керек. Бул маселе боюнча улуттук программа иштелип чыгышы зарыл”, – деген Түлөбаев акыйткачы Атыр Абдрахмановага мигранттардын балдары коргоого алынышы керектигин айтты.
Жыйында 2019, 2020, 2021-жылдарга карата Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышы боюнча акыйкатчынын баяндамасы талкууланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом