Милиция амалкөйлүк менен коркунучтуу лабораторияны таап алды (ВИДЕО)

Милиция амалкөйлүк менен коркунучтуу лабораторияны таап алды (ВИДЕО)

Психотроптук баңгизатын жасаган лаборатория жок кылынды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Telegram» мессенждеринен өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды сатуу менен жүргүзүлүүчү интернет-дүкөн аныкталган. Көрсөтүлгөн интернет-дүкөн өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жайылтуу үчүн баңгизаттарды интернет тармактарына мыйзамсыз жарнамалоо менен алектенип келген.

Милиция кызматкери тарабынан аталган дүкөндүн администратору менен жазышуу жүргүзүлүп, натыйжада 100 грамм салмактагы «мефедронду» сатып алуу макулдашылган. Баңгизат каражатты сатып алуу баасы 300 миң сомдон ашкан.

Бишкек шаарынын Ленин районунун Чуйков көчөсүндө өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында, баңгизат каражаттардын жашыруун жайын жасап, жазышуу жүргүзгөн К.А. аттуу жаран кармалган. Кармалган жарандын Турусбеков көчөсүндөгү ижарага алып жашаган батирине кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда баңгилик лаборатория аныкталып, ал жактан төмөнкү аталган далил буюмдар табылып алынган:
• «мефедрон» кургатуучу 1 поднос;
• психотроптук заттарды даярдоо үчүн реагенттер менен 4 канистр;
• жууганга даярдалган этил спирти менен 12 флакон;
• психотроптук заттар менен 7 баштык;
• 3 банктын картасы;
• 2 уюлдук телефон, сим карта.
Бул баңгилик лабораторияда жарымфабрикаттардан «мефедрон» жана «Альфа PVP» психотроптук заттар өндүрүлгөн. Ал психотроптук заттардын салмагы: «мефедрон» 1кг 500 граммды, «Альфа-PVP» 800 граммды түзгөн.  Алардын жалпы баасы 10 миллион сомго жакын (9 миллион 900 миң сом).

Кармалган К.А. аттуу жаран Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда бул факт боюнча соттук-химиялык экспертизалар, башка интернет-дүкөндөрдү аныктоого электрондук алып жүрүүчүлөрдү текшерүү жана талдоо даярдалды. Ошондой эле бул кылмышка тиешелүү башка жарандардын өздүгүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-аракеттери өткөрүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>