Эл аралык деңгээлдеги наркобизнесмен кармалды  

Эл аралык деңгээлдеги наркобизнесмен кармалды  

2021-жылдын 4-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун  тургуну 1971-ж.т. Н.М. Бишкек шаарынан кармалып, анын жанынан спорттук сумканын ичине салынган апийим баӊгизатына окшогон 10 даана жана гашиш баӊгизатына окшогон 1 даана скотчко оролгон заттар алынган. Соттук химиялык экспертизасынын корутундусу менен скотчко оролгон заттын таза салмагы 9 кг. 790 гр. болгон апийим баӊгизаты жана 1 кг. 5 гр. болгон гашиш баӊгизаты экендиги такталган.

Аталган кылмышка тиешеси бар болгон атуулдарды аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы «Маданият» чек-ара өткөрмө бекетинен Ноокен районунун тургуну 1960-ж.т. К.А. Өзбекстандын аймагына өтүү учурунда кармалган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда 2 кг.дан ашык болгон Ооганстанда өндүрүлгөн гашиш баӊгизаты алынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын жана ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад облусунун аймагы  аркылуу Өзбекстан жана Казахстан Республикаларына, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагына ири көлөмдө Афганистан Ислам Мамлекетинде өндүрүлгөн оор баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген эл аралык байланыштары бар кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, контрабандалык жол менен баңгизат ташуу фактысы аныкталган.

Учурда кылмышка шектүү катары кармалган Н.М. жана К.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо максатында ыкчам-иликтөө жана атайын тергөө амалдары улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>