Милиция: Учурда Баткенде абал туруктуу

Милиция: Учурда Баткенде абал туруктуу

Учурда Баткенде абал турукту, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков  облус аймагындагы  укук коргоо органдарынын жана ички аскерлердин учурдагы абалды турукташтуруу  боюнча иш-чараларын толугу менен координациялап, коомдук тартипти сактоо багытында иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алууда.

30-апрелге карата Баткен районундагы кырдаал турукташып ок атуулар токтотулган. Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режими киргизилген.

Ал эми Лейлек районунун Кулунду,  Интернационал, Эски -Оочу, Максат, Жаштык, Борбордук, Достук, Арка-2 айылдарынын тургундары коопсуз жайларга милиция кызматкерлери тарабынан эвакуациаланган.

“Азыркы күндө чек арага чектеш  аймактарда абал толугу менен көзөмөлдө. Милиция кызматкерлери тарабынан блок-посттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Абал туруктуу. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоодо облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлердин аскер кызматчылары жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн тартипте камсыздап жатышат”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>