БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Чек арадагы чырдан каза болгондордун саны 13кө жетти
30.04.2021 | 08:37
Кыргыз-Тажик чек арасында болгон кагылышууда 13 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, саат 7:50гө карата жаракат алган адамдардын саны 134кө жетип, 13 адам каза болду.
Жаракат алгандардын 25и атайын учак менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык экени айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар