Интернет-дүкөн аркылуу маңзат саткан шектүү кармалды

Интернет-дүкөн аркылуу маңзат саткан шектүү кармалды

ИИМдин баңгизатка каршы күрөшүү жана Бишкектин Биринчи май райондук милиция кызматкерлери психотроптук заттарды сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн уюштуруучусун кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «В» интернет-дүкөнү Telegram’дагы каналы аркылуу кардарлар менен жазышып, баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды Бишкектеги кыстарма деп аталган жашыруун жерлер аркылуу сатып алектенген. Аталган дүкөндүн Telegram каналында 1000ден ашык жазылуучусу бар болгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында М.А. аттуу жаран «В» интернет-дүкөнүнүн уюштуруучусу, оператору жана курьери экени аныкталган. 12-апрелде 24 жаштагы М.А. кылмышка шектүү катары кармалган.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.А. өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттар салынган жашыруун жерлердин даректерин көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизага ылайык, жашыруун жерлерден алынган психотроптук заттар «метамфетамин» психотроптук заты экени  аныкталган», — деп билдирет министрлик.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүнүн Telegram каналында катталган башка интернет-дүкөндөр менен катыштыгы текшерилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>