Милиция «Чүйдө балдар уурдалып жатат» деген видео боюнча үн катты

Милиция «Чүйдө балдар уурдалып жатат» деген видео боюнча үн катты

Чүй облусунун Аламудүн районунда балдарды уурдоо фактысы катталган жок. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кеызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-апрелде соцтармактарда, анын ичинде «Тик-Токто» облус тургундары «Мазда-Примаси» унаасынын аркасынан кууп бара жатып, белгисиз адамдар аталган унаа менен «Үмүт» жаңы конушунан балдарды уурдап жатканы айтылган видео тараган. Кийинчерээк ал видеого Маевка айылында кичинекей кыз уурдалганы кошумчаланып, алар башка жарандарды «Мазда Примаси» унаасын кармоого чакырган.

«Видеодо айтылгандай, «Үмүт» конушунда белгисиз адамдар балдарды уурдап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Чүй облусунун аймагында, анын ичинде Аламүдүн районунда балдарды уурдоо фактысы катталган жок», — деп билдиришти милициядан.

Милициядан белгилешкендей, соцтармакка чыккан видео боюнча териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

«Териштирүү учурунда белгилүү болгондой, 41 жаштагы А.Т. аттуу жаран «Мазда Примаси» унаасы менен тааныштарын «Үмүт» жаңы конушуна жеткиргени барган. Ал жактан ага бир нече эркек киши келип, унаасынын эшигин тарткылай баштаган. Ал коркуп, унаасын айдап кеткен. Аны эмнеге кубалашканын билбейт», — деп айтылат маалыматта.

Милиция жарандарды туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат.

Ошондой эле, милиция жарандар кайсы бир кылмышка же текшерүүнү талап кылган окуяга күбө болсо, 102, 112 номерлерине же жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылуусун суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>