Министрлер кабинети кыргыз тилин өнүктүрүүнүн 2028-жылга чейинки программасын бекиттиИгорь Шестаков Бишкек менен Минсктин биримдигине болгон кызыгуунун себебин түшүндүрдүКүн күркүрөп, шамал катуулайт: 12-июлга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандын бийлиги Moody’s агенттиги менен республиканын кредиттик рейтингин жогорулатууну талкууладыЭмне үчүн жаштар тарыхты башкача кабыл алышат? КУУнун деканынын түшүндүрмөсүПрезидент айрым тарифтерди жана мамлекеттик кызматтардын баасын жогорулатууга бир жылга тыюу салды
Милиция: “Иниңди абактан чыгарып берем” деп 50 миң доллар алып, алдамчылык кылган аял кармалды
16.09.2023 | 16:04
Баткенде алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткендин тургунун сыртынан тааныш болгон аял бир тууган инисин “абактан чыгарып, ага карата козголгон ишти кыскартып берем” деп 50 миң доллар алып, алдап кеткен. Бул факты боюнча ал милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Баткен районунун 41 жаштагы Н.К. аттуу тургуну (аял киши) кармалып, убактылуу кармоо жайга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз